Жалал-Абаддын жолдору качан оңдолот?

“Жыл сайын автоунаа салыгын төлөйбүз, бирок жолдор жакшы каралбайт. Чуңкурдан качам деп кийинки тешикке тушөбүз”. Мындай даттанууларды Жалал-Абад шаарындагы айдоочулар “Ынтымакка” билдиршти.

 “Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн көпчүлүгү эле жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бирок сапатсыз болуп калабы, жыл айланбай баштапкы уңкур-чуңкур абалына келип калат”,-дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Бакыт Ысмайыл уулу.

Жалал-Абад шаарындагы ичке көчөлөрдөгү жолдордун 200гө жакыны оңдоого муктаж. Алардын ичинен Спутник кичи шаарчасында Роза Азимова жана Олимпийский көчөлөрүнүн кесилиши, СМУ кичи шаарчасындагы Шерматова көчөлөрүнүн жолдору айдоочуларды түйшүккө салып келет. Негизи шаардагы ички жолдордун баарынын эле асфалттарын жаңылоо зарыл.

“Өзү такси кызматын кылып чай пулга араң акча табабыз. Анан чуңкурга бир дөңгөлөгүбүз түшүп кетсе, бир жума тапкан акчабыз ага кетет”,-дейт айдоочу Төрөбай Нышанбаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, жолдор жыл сайын оңдолоорун айтып, азыркы абалды жаан-чачынга байланыштырышат.

“Жогорудагы көчөлөрдө чуңкурларды жамоо иштери былтыр эле жүргүзүлгөн. Оңдоодон кийин атайын адистер текшерип чыгышкан. Бирок жаан жааса жамактар чыгып кетет экен”,-деди  Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматов.

Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 400дөй жол болсо, анын 28и негизиги көчөлөр. Былтыркы жылы шаарда 70тен ашуун ички көчөлөр жамалган. Ага жергиликтүү бюджеттен 22 млн. сом каражат сарпталган. Быйылкы жылга канча көчө реконструкцияланаары азыр белгисиз. Себеби шаардын бюджети ушул күнгө чейин бекитилбей жатат. Буга депутаттардын бир бүтүмгө келе албай жатканы себеп.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.