34 жаштагы Эркинбек Зулпуев бөйрөгүн алмаштырууга жардам сурайт

Ош шаарындагы Жапалак айылынын 34 жаштагы тургуну Эркинбек Зулпуевдин эки бөйрөгү тең иштебейт. Ал эки жылдан бери гемодиализ  менен жашап келе жатат. Жумасына үч жолу аппаратка түшөт. Ар бирине үч миң сомдон кетет. Гемодиализ албай койсо, абалы оорлошуп, өмүрүнө коркунуч жаралат.

Зулпиев азыркы тапта өз алдынча баса албайт, апасынын кароосунда.  Акыркы күндөрү гемодиализ алууга да акчасы калбай, апасы ар жактан жардам сурап жатат.

Дарыгерлер болсо туруктуу жашап кетүүнүн жолу катары бөйрөктү алмаштыруу керектигин айтып жатышат. Ага орточо эсеп менен 15 миң доллар керек. Зулпиевдердин мындай каражаты жок, алар кайдыгер эмес жарандардан жардам сурашат.

Жардам берүүнү каалагандар: 0776 626 383, 0776 462 450 телефон номурларына кайрылышса болот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.