3-ноябрь: Көк-бөрү боюнча президенттин кубогу старт алат

Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк-бөрү боюнча КРнын президентинин кубогу башталат. Кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча да мелдештер өтөт.

Маалым болгондой, мелдештин программасы төмөндөгүдөй:

3-7-ноябрь – Көк-бөрү боюнча алдын-ала беттешүүлөр;

7-ноябрь – Көк-бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;

8-ноябрь – Көк-бөрү боюнча финалдык мелдеш, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.