29-марттан баштап Бишкекте, Ошто жана Чүйдө коронавируска каршы эмдөө башталат

Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө башталат. Учурда аймактарга вакциналарды жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаары боюнча эмдөө үчүн 5 пункт ачылат. Чүйдө 2, Ош шаарында 2 пункт ачылат.

Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.

Эске салсак, өткөн аптада өлкөгө Кытайдан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза “SinoPfarm” вакцинасы келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.