24-январь кандай күн?

1924-жылы алгачкы кышкы олимпиадалык оюндар башталган. Кышкы олимпиадалык оюндар – бул спорттун кышкы түрлөрү боюнча эң ири эл аралык жарыш. Ал эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен 4 жылда бир өткөрүлүп келет. 1924-жылы Франциянын Шамони шаарында эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен спорт боюнча эл аралык жумалык өткөн. Анда спорттун кышкы түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлүп, көп өтпөй ал- жумалык алгачкы кышкы олимпиадалык оюндары деп аталып калган.

24-январь эл аралык эскимо күнү. Эскимо – таякчада шоколад менен капталган балмуздак.1922-жылдын ушул күнү АКШнын Айова штатындагы Онава  шаарында жайгашкан таттуулар дүкөнүнүн ээси Христиан Нельсон эскимого патент алган. Бул тарыхый окуяга байланыштуу дал ушул дата майрам катары тандалып алынган. Айрым тарыхый булактарга таянсак, Байыркы Римде император Нерон эскимону десерт катары жеген. Бирок аталган балмуздактын расмий туулган күнү деп 24-январь, ага патент алынган күн эсептелет.

2014-жылы экс президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-кытай чек арасындагы окуяда каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берген. Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөмбиев менен жолугушуусунда Ысык-Көл чек ара отрядынын Ак-Шыйрак заставасынан жоокерлер келгенге чейин мамлекеттик чек араны бузгандарга куралдуу каршылык көрсөтүп, экөөнү жок кылып, каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берген.

 

1712-жылдын 24-январында  пруссиянын падышасы Фридрих II туулган. Германия өлкөсүнүн пайда болушуна негиз салган, сот реформасын алгылыктуу жүргүзгөн. Фридрих II атасы Пруссиянын падышасы Фридрих Вильгельм I каза болгондон кийин, 1740-жылы тактыга келген. Ал өлкөнү башкарып турганда сот реформасын ийгиликтүү жүргүзгөндон сырткары көп көзгө көрүнө турган иштерди жасаган. Анда иштеринин эң алгачкысы, өлкөдөгү цензураны жокко чыгарган.

1888-жылы дал ушул күнү  немис авиаконструктору Эрнст Хейнкель туулган. Ал алгач 1909-жылы Франкфуртта өткөн эл аралык авиациялык жарманкеге баргандан кийин анын учак курууга болгон кызыгуусу күч алган. Ошондон кийин арты артынан учактын түрүн ойлоп таап, аны иш жүзүнө ашыра баштайт. Биринчи дүйнөлүк согуш убагында атайын согуш убагында колдонууга ыңгайлашкан учактардын 30дан ашык түрүн ойлоп тапкан. 

Булак: Супер-инфо, calend.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.