$20дан $60 миңге чейин. Ошто каржы пирамидасына алдангандар нааразылык акциясына чыкты

Бүгүн, 11-декабрда каржы пирамидасына алданган кыркка жакын киши Ош милициясынын алдында нааразылык акцияга чыкты. Алардын айтымында Жалал-Абад, Баткен, Ош  облусунан миңден ашык  адамдын алды 60 миң, арты 20 долларын “Драгонс” деп аталган компаниянын өкүлүнө беришкен. Жабыркагандар акчанын тууган пайызын эмес, сумманын негизги бөлүгүн да кайтара албай убара.

“Драгонс” каржы пирамида компаниясы Ош шаарында быйыл апрель айында ачылып, кайра август айында эле жабылып калган. Бирок мекеме өкүлдөрү ушул күнгө чейин жарандарды “акчадан акча жасап” байууга үндөп, ишмердүүлүгүн токтоткон эмес.

Каржы пирамидасына акчамды алдаттым деген миңден ашык жарандын атынан Ош ШИИБге ноябрь айында арыз жазылган. Компаниянын лидери Бишкек шаарында болсо, бул жактагы эки өкүлүнүн бирөөсүнө иш козголуп, кармалган. Жергиликтүү милициянын басма көз кызматынын өкүлү Райхан Абдыразакованын айтымында шектүү аял Ош ШИИБнин убактылуу кармоо жайында отурат.

Ош шаардык жана облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов бул ишке шектүүнүн баш коргоо чарасы 8-декабрда аныкталганын, бирок милиция ал аялды колго түшүрө элек болгон үчүн Жалал-Абаддагы тергөө абагына эки айга камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарганын айтты.

“Азырынча 74 миң сом боюнча бир эпизод гана бар. Бул иштин чоо-жайы сот иштеринин жүрүшүндө анык болот”,  -деди ал.

Бул иш боюнча милиция менен сот эки башка маалымат берип  жаткан чакта жабыркагандар арасында каржы пирамидасынын өкүлү жазага тартылбай калат деген кеп тарап, бүгүн Ош ШИИБде нааразылык билдиришти. Түшүнбөсттүккө шектүүнүн баш коргоо чарасын аныктоо себеп болгон. Анткени алар тергөө иштери жүргөнчө эки айга камакка алууну шектүү ушуну менен жазасынан биротоло кутулуп кетет деп кабыл алышкан.

Ош милициясы билдиргендей, “Драгонс” каржы пирамидасынан келтирилген чыгым азырынча 5 млн сом деп эсептелип жатат. Алдангандардын көбү банктан насыя алып, акчасын бул жакка салган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.