Карызыңды төлөп, туумунан бошо

Ош шаарындагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон жалпы карызы 350 млн сомго жетти. Бул мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана калктын жарыкка болгон карызы. Жыл аяктап жаткандыктан, карыздарды өндүрүү үчүн атайын жеңилдетүү каралып, 1 ай аралыгында “Карызынды төлөп, туумдан бошо” акциясы жүрөт. 

“Ошэлектр” ишканасынан билдиришкендей, керектөөчүлөр жарыкка болгон карызды 100 пайыз төлөп, туумдан кутулууга жакшы мүмкүнчүлук түзүлгөн. Аталган акция 31-декабрга чейин уланып, калктан келген арыздардын негизинде туумдардан бошотот. Ал үчүн өлкөнүн түштүгүндө жалпы 160 электр энергиясын сатуу мекемелери кызмат кылууда.

Ош шаарында муниципалдык  жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон карызы 40 млн сомго жетти. Бул орточо эсеп менен алганда, соңку 5-6 жылдын ичинде төлөнбөгөн каражаттардын жана туумдардын суммасы.

Бир эле муниципалдык жылуулук берүү мекемесинин карызы 130 млн сомго жеткен. Анын дээрлик жарымы туум. Ошол эле учурда калк абоненттеринин карызы 122 млн сомду түзөт. Арасынан 50 миң сомго чейин төлөбөгөндөрү да кездешет.

Жыл башында жалпы карыздын көлөмү 464 млн сомду түзсө, 10 ай аралыгында 113 млн сом өндүрүлгөн.

Маалым болгондой, ар ай сайын пайдаланылган электр энергиясынын акысын төлөө үчүн эсеп дүмүрчөк берилет. Ошол күндөн баштап 5 күн аралыгында төлөнбөсө, сумманын 0,5 пайыздык тууму пайда болот. Ал күн сайын өсүп олтуруп, карыз бир нече эсеге көбөйүп кетет.

Журналист: Бегимай Асанова

Оператор-монтажер: Кымбатбек Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.