2020 – жылы өлкө боюнча салттуу музыка жумалыгы белгиленет

2020 – жылы салттуу музыка жумалыгын Кыргызстандын бардык аймагы белгилейт. Бул тууралуу кечээ, 25 –декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны өткөрүү үчүн министрликтин 2020-жылга карата бюджетинде акча каражаты каралган.

Жыйындын жүрүшүндө министр салттуу музыка жумалыгынын алкагындагы иш-чаралар борбордо гана эмес, жалпы республика боюнча өтөөрүн белгиледи.

“Бул жумалыктын негизги максаты жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Маданият министрлигинин буйругу менен бул иш аракеттер боюнча иш алып бара турган атайын уюштуруруу комитети түзүлөт. Иш-чараларга министрликтин карамагына караган бардык бардык окуу жайлар тартылат. Ал эми, жумалыктын эң негизги милдети болуп, жаш таланттарды гана колдоо эмес, алардын ичинен жаңы таланттарды алып чыгып, маданиятты өнүктүрүү болуп саналат. Ал таланттар аркылуу, биз өлкөнүн келечектеги өсүп келе жаткан маданиятын камсыздайбыз деген түшүнүктү берет”,- деп кошумчалады Жаманкулов.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгынын алкагында өлкөдөгү эл артистеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышкан мастер- класстар, тегерек столдор жана башка өлкөлөрдөн келген жана жергиликтүү мугалимдер жана искусство таануучулардын лекцияларын уюштуруу пландалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.