2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү арасында эң жогорку айлык акы Белорусияда болду

2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү арасында айлык акынын эң жогорку көсөткүчүн Белорусия өлкөсү берди. Анда номиналдуу жана реалдуу маянанын көлөмү 14,2 жана 8,1 пайызды түздү.

Казакстанда 14,6 жана 7,3 пайызга жогорулады. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүчтүн көлөмү 7,7 жана 2,5 пайызды түздү.

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, былтыркы жылдын аягында Орусияда орточо эмгек акынын көлөмү 710 доллар, Казакстанда – 515 доллар, Арменияда 388 долларды түздү.

Ал эми кыргызстандыктардын айлыгы аталган өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн, болгону 239 долларга жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.