2020-жылы депрессиядан өз өмүрүнө кол салгандардын саны 2 эсеге көбөйөт

Мындай маалымат бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүндө аныкталган. Мындан улам суициддин алдын алуу боюнча иш-чаралар Кыргызстанда да башталды. Өлкөдө “Депрессия: Кел сүйлөшөлү” акциясы уюштурулуп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Алгачкы түшүндүрүү иштери Алай районунундагы төрөт үйүндө жүргүзүлүп, тургундар жана кызматкерлер катышты. Акция учурунда төрөтканадагы энелерге жана анда иштегендерге психологдор өздөрүнүн кеңештерин беришти.

Түшундүрүү мындан ары Ош облусунун айылдарында да уланат. Анда эки психолог жана беш саламаттыкты сактоо программасынын адистери иш алып барып жатышат.

Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча саламаттык сактоо программасынын адиси Максатбек Калдыбаевдин айтымында, депрессия дарты- бул жөн гана маанай чөгүү эмес, бул психикалык оору. Ага үй-бүлөлүк шарттын оордугу же жашоодо өз ордун таба албай жатышы да себеп болот. Изилдөөлөргө ылайык аял кишилер эркектерге салыштырмалуу бул дартка көбүрөк чалдыгышат.

Депрессиядан арылууга багытталган акция “Ага Хан” коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.