2020-жылга чейин аймактарды өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Өкмөттүн 2017-20-жылга чейинки региондорду өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Жалпысынан 20 шаар кирип, өнүктүрүү долбоорлору эки баскыч менен ишке ашат. Ал үчүн Европа биримдиги гранттык негизде 17 миллион евро бөлдү.

Аймактарды өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу Жалал-Абад шаарынан башталмакчы. Биричн кезкете  таза-суу маселеси чечилет. Ошондой эле жумушсуздукту жоюу боюнча да иштер аткарылмакчы.

“Региондорду өнүктүрүү акыркы убакта унутта калып, андан улам көпчүлүк борборго агылып калды. Буга жумушсуздук жана кичи шаарларда шарттын жоктугу себеп. Эгер өкмөт колдогон концепция ишин баштаса, жумуш орундары түзүлөт. Бул үчүн Экономика министрлиги сырттан келген донорлор менен иштеп, ишкерлерди колдоону болжогон”, – дейт экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.