2020-жылдагы эс алуу күндөрү аныкталды

2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Өкмөт «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты. 

Токтом долбооруна ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат)   2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, бул долбоордо беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат)   2-январдагы  иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1-майдан 5-майга чейин майрам учурунда эс алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.