2019-жылдан мамлекеттик ипотека 6% үстөк менен берилет

2017-жылы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 6% үстөк менен ипотекалык программадагы насыялар берилээрин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакытбек Шамкеев президент менен болгон жолугушуусунда билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков 18-январда каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо маселеси, социалдык турак-жайларды куруу жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча көйгөйлөр жана сунуштар талкууланды.

Өлкө башчы “Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасын насыялоо менен саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, укук коргоо органдары жана социалдык тармактардын кызматкерлери колдонушу керектигин белгилеп өттү.

Ошондой эле чендерин белгилеп жатканда, кыргызстандыктардын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эсепке алыш керек экендигин айтып, бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык чен айрым категориядагы жарандарга кыйынчылык жаратаарын кошумчалады. Андан тышкары бюджеттик эмес тармакта иштегендерге  ипотекага турак-жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.

“Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюджеттик эмес тармакта иштеген жарандарга 12-14 жылдык пайыз менен насыяларды берүүгө ресурстар пайда болот. Келечекте калктын бул категориясы үчүн да пайыздык чендерди азайтуу мүмкүнчүлүгүн издейбиз”, – деп маалымдады Бактыбек Шамкеев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.