2000 сомдук эстелик банкнотасы жүгүртүүгө чыгат

17-ноябрдан  Кыргызстанда 2000 сомдук эстелик банкнотасы жүгүртүүгө чыгат. Ал эгемендүүлүктүн жана улуттук валюта – сомдун  25 жылдыгына арналган.  Өзгөчөлүгү – вертикалдуу.

Бүгүн Улуттук банк жаңы акчанын үлгүсүн журналисттерге тааныштырды.

“2000 миң сомдукта кыргыз эилинин байыртан азыркы кезге чейин тарыхы чагылдырылган.  Манастын эстелиги, эпостон үзүндүлөр, Умай-эне, Хан-Теңири  жана боз үйдүн элестери камтылган”, – дешти УБнын өкүлдөрү.

Акыркы үлгүдөгү коргоо элементтери менен жасалган 2000 миң сомдук расмий каражат статусуна ээ жана эсеп-кысапта кабыл алынууга тийиш.

Улуттук банктын төрагасы өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуяларга байланыштуу эстелик банкноталары мындан ары да чыгарыларын кошумчалады.

Сүрөт: Кактус

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.