Жалал-Абад шаары кышка дээрлик толугу менен даяр

Жалал-Абад шаардык жылуулук ишканасы кышка дээрлик толугу менен даяр. Быйыл шаарда борборлоштурулган жылытуу системасына 2 көп кабаттуу үй кошулат. Ал эми отканаларда жалпы 6 отказан жаңыланган.

Жалал-Абад шаардык жылуулук берүү ишканасы быйылкы жылга карата жаңы 3 отказан сатып алган. Былтыр орнотулбай калган 3 жаңы отказанды кошуп, алтоону алмаштырган. Экөө көмүр, үчөө мазут менен иштесе, бири газ менен жылытат.

Быйылкы күз-кыш мезгили үчүн жалпы 1400 тонна көмүр жана 1300 тонна мазут камдалышы керек. Учурда кара алтын 800 тонна, мазут 200 тоннадан ашык алынып келинген. Калганы октябрдын аягына чейин камдалаары күтүлүүдө.

Быйыл эскилиги жеткен 200 чакырым жылуулук куурлар жаңыланды. Кышка камылга үчүн жалпысынан 5 млн сом сарпталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.