17-февралдан тарта Муфтийдин кызмат ордуна талапкерлердин арыздары кабыл алына баштайт

Эртең, 17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына талапкерлерден арыздар кабыл алына баштайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, башкармалыкка документтерди тапшыруу мөөнөтү 17-мартка чейин (иш күндөрү) уланып, бир катар талаптар менен кабыл алынат. Талаптарга жооп бербеген документтер эсепке алынбасы белгилүү болду.

Учурда өлкө муфтийинин милдетин Жоробай Шергазиев аткарып жатат.

Эске салсак, мурдагы муфтий Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого катыштыгы бар деген айып коюлган.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын тандап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.