
Өлкөдө калкты көмүр менен камсыздоо 15 -сентябрда башталат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Компаниянын маалыматы боюнча, республика боюнча 758 көмүр кампасы ачылган.
Кара-Кечи көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардагыдай эле 1330 сом. Сатуунун баа саясатын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.
Жалпысынан Кыргызстан 3 миллион тоннадан ашык көмүргө муктаж (ЖЭБ, калк, мамлекеттик органдар), анын ичинде:
- бюджеттик уюмдар – 242 333 миң тонна;
- калкка- 1 миллион 125 миң тонна.
ЖЭБ – 1 миллион 650 миң тонна, анын ичинде:
- “Кабак” бассейнинен – 950 миң тонна;
- Таш -Көмүр кенинен – 50 миң тонна;
- Казакстандан – 650 миң тонна көмүр.
Өлкө боюнча көмүр казуучу 70тен ашуун компания иштейт, анын ичинен 41и толук кандуу иштеп жатат.
Ыкчам маалыматтарга караганда, акыркы 8 айда өлкөдө 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлгөн.
- түндүк региондо – 452 265 миң тонна;
- түштүк региондо – 885 079 миң тонна;
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине даярдоо башталгандан бери күйүүчү майдын баасынын туруксуздугуна, атмосфералык жаан-чачынга жана башка себептерге байланыштуу, артта калуулар болгон жана Кара-Кечеде тоо-кен иштеринин көлөмү көбөйгөн, буга байланыштуу кошумча жабдуулар бул көйгөйлөрдү жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинен которулган.
- 07.09.2021