
11-ноябрь – Энергия жана ресурстарды үнөмдөөнүн эл аралык күнү (International Day of Energy Saving). Бул күн “Ресурстарды жана энергияны пайдалануу боюнча мектеп долбоорунун(SPARE) алкагында 2008-жылы белгиленген. Ушул эле жылдын ноябрь айында бүткүл дүйнө энергияны үнөмдөөнүн алгачкы күнүн белгилеген.
Майрамдын негизги максаты- ресурстарды жана энергияны сарамжалдуу пайдаланууга бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу. Энергияны үнөмдөө аркылуу айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтууга болот.
Электр энергиясын кантип үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жана эффективдүү жолдору:
- Керексиз маалда жарыкты жана электр приборлорун токтон ажыратып коюңуз.
- Лампа жана асма шамдардын плафондорун таза кармаңыз. Анткени чаң баскан лампа жарыкты 30%га төмөн берет.
- Терезеңиз таза болсун.
- Бөлмөнүн бир четинде гана иштесеңиз, анда бөлмөгө толук жарык бере турган негизги лампалардын ордуна бир лампалуу асма шамды орноткон туура.
- Электр энергиясын үнөмдүү сарптаган лампаларды колдонуңуз.
- Бөлмөнүн ичин ачык түс менен сырдаңыз.
- 11.11.2020