10 жылда да аягына чыкпаган сот реформасына депутаттар нааразы

Сот реформасынын башталганына дээрлик 10 жылга чукулдап калды, бирок эч кандай жыйынтык жок. Мындай пикирди “Республика- Ата-Журт” партиясынын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү билдиришти. Фракция мүчөлөрүнүн айтымында, эл аралык гранттар жана мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражаттар өз максатына жеткен жок.

Бир катар саясатчыларга адилетсиз  өкүмдөр чыгып, элдин нааразычылыгын ойготкон кездер 2010-жылга барып такалат. Ошол жылдагы төңкөрүштөн кийин бийлик сот тармагын реформалоого бел байлап, анын негизинде сот тандоо кеңеши түзүлгөн. Бирок башталган демилге ушул күнгө чейин аягына чыга элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бөкөев сот реформасы башталгандан бери соттордун оңолбогондугун, буга коомчулук, ал гана эмес депутаттар да нааразы экендигин айтты.

“Сотторду сот тандоо кеңеши эмес, Ак үй тандап жатат”,- дейт Бөкөев.

Ал эми депутат Курманкул Зулушевдин айтымында, соттор көз карандысыз болушу үчүн алардын маяналарын 100 миң сомдон жогорулатыш керек.

“Кылмыш иштерин караган соттордун абалы чындыгында жаман, өмүрү коркунучта. Алар коопсуз жерде иштеп, коопсуз жерде жашашы керек. Күнүгө иштен кийин аман-эсен үйлөрүнө жетиши керек. Ал үчүн жетиштүү маянага муктаж. Эгер соттордун маяналары өздөрүнө жетпей жатса, анан кантип мамлекетте адилеттүү, таза иштеген сот болмок эле”,- деди депутат Зулушев.

Жыл сайын сот тармагына ири каражат бөлүнүп, бирок көрүнөөрлүк  жумуштар жасалбай келет. Алсак, 2013-жылы 535 миллион сом, 2014-жылы 888 миллион сом, 2015-жылы 985 миллион сом, 2016-жылы 1 миллиард 139 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 339 миллион сом бөлүнгөн. Быйылкыга 1 миллиард 622 миллион сом пландалды.  Бирок талдоочулар сот реформасын аягына чыгарууну акча эле чечпестигин, буга бийликтин саясий эрки жетпей жаткандыгын билдиришет.

Адилеттүү соттордун тандалышын учурда коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айткан депутаттар бул маселени  масштабдуу карап,  сот реформасынын мындан кийинки кадамдарын парламенттик  угууда талкуулоону чечишти.

Ал эми өкмөт башталган реформалар жакын арада толук кандуу максатына жетээрин  билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.