
2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.
Мурда өкмөттүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.
Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.
- 11.04.2021