Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжадагы калкты тейлөө борборунун жетекчисине эскертүү берди

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 1-октябрь күнү түз эфирде “Ынтымактын” “Трибуна” программасында жарандардын суроолоруна жооп берген.

Анда көрүүчү Кара-Кулжа райондук калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, борборду каттуу көзөмөлгө алып берүүсүн суранган. Мындан сырткары, ал жердеги кызматкерлер өтө орой мамиле жасашарын жана бул көрүнүш көптөн бери уланып келе жатканын айткан.

Президенттин өкүлү бул маселени жеке көмөзөмөлүнө алып, чечип берерин убадалаган эле.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн 4-октябрь күнү Зиядин Жамалдинов аталган калкты тейлөө борборунун жетекчиси Жыпара Жалалованы кабыл алып, эскертүү берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.