Зима не будет!?Бул чындыкпы?

ЗИМА НЕ БУДЕТ!?
БУЛ ЧЫНДЫКПЫ?
2011-жылы коомдук ишмер, Элдик академиянын башчысы Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) "Зима не будет!" деген билдирүү жасаган эле. Бул сөз бат эле интернетке тарады. Арстан Алай билдирүү тараткан 2011-жылы чилде чынында оор болду, бирок акыркы кездери кыш айларында аба жылуу болуп жатат. Балким Абдылдаевдин айтканында жан бардыр?

Ынтымак Media Group глобалдык жылуулануу фонунда Ош шаарында кандай климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканын изилдеп көрдү.
20 жылда Кыргызстанда абанын орточо температурасы 1,4 градуска жогорулады. Ош шаарындагы климаттык өзгөрүүлөр боюнча так изилдөөлөр болгон эмес. Бирок Кыргызгидрометтин аймактык башкармалыгы жакында эле Баткен облусунун климаттык шарты боюнча математикалык-статистикалык анализ жасаган. Мекеменин өкүлү Бахтияр Хасановдун айтымында түштүк аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен ) климат дээрлик бирдей. Андыктан биз ошол анализдин жыйынтыктарына таянабыз.

Ош шаарында өлкө түштүгүнүн башка аймактарындай эле 1961-жылдан бери температуранын жылдык өсүшү 0,015 градуска жетет. Ошол эле маалда жаан-чачындын өсүшү жылына 0,45 мм.
Климаттын өзгөрүшү акырында салтуу төрт мезгилди өзгөртүүдө. Окумуштуулар планета ысыган сайын тропикалык аймактар ар 10 жылда кеңдикке карай 0,1-0,2 градус жылып жатканын байкашкан. Ошентип, мурда төрт жыл мезгили өкүм сүргөн аймактар эки мезгилге өтүүдө. Бул суук кыштан эрте жазга өтүүдө билинет, кыш болсо кыска жана анча катаал болбой калды.

Бирок окумуштуулар бизде эки эле мезгил калат деп айтууга эрте экенин белгилешет. Бардык төрт мезгил сакталат, бирок мөөнөтү жана узактыгы гана ар кандай болуп калат. Жай ысык жана узак болуп, кыш, тескерисинче, кыскарат. Бирок ортодогу жаз менен күз жоголуп кетпейт.

Ушундай тенденция Ош шаарында да байкалууда.
Бахтияр Хасанов
"Жалпы трендде температура жылына 0,5-0,7 градус жогорулап жатат. Бул көрсөткүчтөр байкалаарлык эмес. Мен мезгил ичиндеги трендди изилдедим. Мурда 90-жылдарга чейин май-июнда көп жаан-чачын болбос эле. Эсимде, биз 1-майда Ак-Буурада чөмүнөөр элек, азыр түшө албайсың. Тескерисинче, мурда 7-ноябрда футболкачан майрамга чыксак, азыр 10-ноябрдан кышкы жылытуу сезону башталып жатат. Январда күн жылып, айлана чаңга оролуп калууда. Башкача айтканда, мезгил ичинде жылыштар орун алып жатат.

Жаан-чачын жыл сайын 04,-0,5 мм ге көбөйүп жатат. А мезгил ичинде ал ар кайсы айларда 10-30%га чейин жогорулайт. Жаан-чачын төгүп жаап жатат. Базалык мезгилде (1961-1990-жж) жаан бирдей түшсө, азыр 10 мүнөттөр бир айлык норма жаап салат. Биздин божомолдо температура жогорулаган үчүн суу тез бууланып, булут пайда болот. Жаан-чачын катуу жааганда жер сууну сиңиргенге үлгүрбөй, суу ташкын, селдер орун алат", - дейт
Бахтияр Хасанов.
Сел, суу ташкыны гана эмес. Климаттын өзгөрүшү ар кандай кырсыктарды жаратат. ӨКМ маалыматында республика боюнча жер көчкү жүрүү коркунучу күч 5 миң жер, сел жүрүү ыктымалдуулугу жогору 3 миң дарыя оурна алган, 30 миң жерде кар көчкү коркунучу бар.

Жыл сайын ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан 30-35 млн доллар зыян болот, ошол эле маалда кырсыктардын алдын алууга мамлекеттик бюджеттен болгону 6 млн доллар ажыратылат.

Ош шаары географиялык жайгашы орду боюнча табият кырсыктарынан сырткары (жер титирөөлөрдү эске албаганда). Жыл сайын катуу жаан-чачындан түштүк борбордун көчөлөрүн, үйлөрдү жана башка мекемелерди суу каптайт. Быйылкы чыгым 40 миң сомду түздү.

Мында көңүл бурчу бир жагдай - суу каптоолор көбүнчө май айында болот, демек, Бахтияр Хасановдун мезгил ичиндеги климаттын өзгөрүшү боюнча изилдөө жыйынтыктары далил табууда.

Ош шаары, 2017-жылдын май айы
Мөңгүлөрдүн эриши
Божомол боюнча 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 30-40%га кыскарышы мүмкүн, ал эми 2100-жылы КРдагы мөңгүлөр дүйнө картасынан таптакыр жок болушу ыктымал

Кыргызс Республикасы - суу ресурстары өз аймагында түптөлгөн Борбор Азиядагы жалгыз өлкө, анын гидрологиялык өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы ушунда. Республиканын жалпы аянтынын 4,1%ын мөңгүлөр каптап жатат. 60-жылдардагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы аянты 8076,9 чарчы метр 8208 мөңгү бар. Учурда мөңгүлөрдүн бат эриши байкалууда, эксперттик баалоолор боюнча көрсөткүчтөр 20%га азайган.

Мөңгүлөрдүн эриши Ош шаарына кандай коркунуч жаратат?
Суу тартыштыгы
Ош шаар ичүүчү жана суугат сууну Ак-Буура дарыясынан алат. Дарыянын башаты мөңгүлөр. Азырынча бул суу жарым миллион киши жашаган шаардын муктаждыгын канааттандырып жатат. Бирок божомолдор далил тапса, кийинки жүз жылдыкта түштүк борборду ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөй жаратышы мүмкүн.
Электр энергиясынын тартыштыгы
Кыргызстан электр энергиянын 90%ын Токтогул ГЭСинен алат. Бул жакка сууну Нарын дарыясынан алышат. Эгер өлкөдө энергия иштеп чыгууга суу тартыш болсо, анда ал кошуна өлкөлөрдөн нефти жана башка отундарды сатып алууга аргасыз болот. Ош шаары азыр газды "Газпром" аркылуу Өзбекстандан алып жатканын белгилей кетели.
Тамак-аш коопсуздугу
Климаттын өзгөрүшү айыл чарбасына да коркунучтуу. Кургакчылык түшүмгө таасир этет, анын айынан Ош шаарында айыл чарба азыктарына баа кымбаттап же тартыштык жаралышы ыктымал.
Парник газдары
Парник газдары бүгүн пайда боло калган жок. Мындай жараян Жерде атмосфера пайда болгондон бери эле бар. Парник эффекти жок болсо, жерге жакын катмарларда температура азыркыдан 30 градуска төмөн болмок. Бирок акыркы 150 жылда атмосферадагы парник газдарынын үлүшү байкалаарлык көбөйдү. Бул биринчи кезекте адам ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Учурда абада метан менен көмүр кычкыл газы гана эмес, хлор, фтор, суутек жана башка заттар бар. Андыктан 21-кылымдагы глобалдык жылуулануунун негизги себептери - атмосферадагы парник газдарынын бат көбөйүп кетиши.

Ош шаарында абага ташталган чыгындылар азырынча нормада. Өндүрүш ишканалары аз, ТЭЦ газ менен мазутка өттү, отканаларды да электр энергиясына өткөрүп жатышат. Бирок калаада унаа агымы аябай көп - күн сайын Оштун көчөлөрүндө 120 миң машина жүрөт.
Шаар өтпөс катмарлар менен капталган чоң жылыткыч сыяктуу. Асфальт жолдор, кыш үйлөр, бетондолгон ар кандай имараттар - ушунун баары шаарды тескерисинче муздаткычка айлантат. Шаардын айланасында жылуулук аралчасы пайда болуп, кичи парник эффектин жаратат. Жыйынтыгында калаада аба температурасы жака-белиндеги айылдарга караганда бир нече градуска жогору болот.

Жаңы изилдөөлөр бак-дарактар ошол "жылуулук аралчалары" канчалык ысык болооруна таасир этерин көрсөттү. Анткени дарактар жана башка өсүмдүктөр эвапотранция процессин жаратышат, жөнөкөй тил менен айтканда жалбырактар суу бөлүп чыгарат. Бул жараян терлөөгө окшош, пайда болгон суу буусу жылуулук менен күрөшүүгө эң керектүү курал.

NASA окумуштуулары шаар канчалык жашыл болсо, ошончолук салкын болоорун эбак аныкташкан.
Жаанбй Турсункулов, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын агроному
"Акыркы үч жылда биз шаарды жашылдандыруу боюнча абдан көп иштерди жасадык. 2014-жылдан бери дээрлик 10 эс алуу жайын оңдодук. Өткөн жылы 100 миң, быйыл 40 миң түп бак-дарак отургуздук. Ошол эле маалда жыл сайын кургаган 30-40 дарак кыйылат.

Бирок азыр Ош шаарындагы жеке компаниялар көп кабаттуу үй курганда экологиялык нормаларды эске албай жатышат. Мисалы, шаарда бир тургунга 21 чарчы метр жашыл аймак болушу керек. Демек, 300 адам жашаган көп кабаттуу үйдүн жанында жок дегенде 30-40 дарак отургузулушу керек, куруучулардын эч бири бул норманы сактабайт.

Адамдар бак-дарактар бизге аба менен суудай эле керектигин түшүнүшү керек. Өзгөчө климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери сезиле баштаган азыркы маалда. Даракта абаны тазалайт, салкындатат, ызы-чуу, зыяндуу зат, чаңды жутат, микробдорду өлтүрөт, шамалдан коргойт жана адамдын нерв системасын тынчтандырат.
Глобалдык жылуулануу жүрүп жаткан маалда шаарда микроклимат жаратуу үчүн бак-дарактарды отургузуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн биз эскперимент жүргүздүк.

Эксперимент көсрөткөндөй, шаарда дарактар эле эмес, арыктарда суу болушу да маанилүү. Бул жагынан тургундар жолдуу - Оштун чок ортосунан Ак-Буура дарыясы агат, канал, арыктарда жайы менен суу болот, 5 суу оргумалары иштейт. Ушулардын баары абаны салкындатып, нымдаштырат.

Жайкысын шаарда аба температурасы айылдарга караганда 5 градус ысык болот. Шаарда жаан-чачындуу күндөр 10%га жогору болгон менен аба нымдуулугу 8-10%га төмөн.
Бахтияр Хасанов, Кыргызгидромет өкүлү
"Климат мынтип өзгөрүп жатканда көбүрөөк бак-дарак тигип, арыктарды тазалап, суу кое бериш керек. Эгер көчөдө суу агып турса, салыштырмалуу нымдуулук жогорулайт. Тазалык да маанилүү, анткени зыяндуу заттар бар ар кандай таштандылар да климатка таасир этет. Мисалы, аптаптуу күндө дарыя же оргуманын жанында отурсаңыз, өзүңүздү жакшы сезесиз. Эмне үчүн? Анткени мында абанын салыштырма нымдуулугу кармалып турат. Оргумалар кооздук гана эмес, ал нымдуулуктун кошумча булагы. Мына ушул микроклимат", - дейт Хасанов.


Имарат ичиндеги микроклимат
Адам өмүрүнүн 90%ын имарат ичинде өткөрөт
Албетте, эгер сыртта ыңгайлуу климат болсо, имарат ичинде да адам өзүн жакшы сезет.
Канбу Калышева, Ош шаарынын санитардык дарыгери
"Оптималдуу микроклиматтын талаптары: имарат ичинде температура 18-28°C; салыштырмалуу нымдуулук 30-60%. Эгер бала бакча, мектеп, оорукана жана башка мекемелер бул норманы сакташпаса, аларга карата чара колдонобуз.

Азырынча өз ишибизде климаттын өзгөрүүсүн сезбей эле жатабыз, бирок өткөн жылы шаарда жылуулук берүү эрте башталып кеч бүттү. Бирок бул климаттын системалык өзгөрүүсүнүн көрсөткүчү эмес, анын үстүнө маселе биздин иш милдетибизге кирбейт.
Лайфхак: аба нымдагычты колдо жасаңыз
Туура микроклиматты биз өз алдыбызча эле сезүү аркылуу аныктай алабыз. Имарат ичинде аба дем кыспагыдай, ошол эле маалда муздак болбошу керек. Аба таза болушу маанилүү. Кышкы суукта бөлмөдөгү абаны жылытып, нымдап, ал эми жайда салкындатып туруу керек.

Эгер бөлмөнү желдетпесе, абада зыяндуу микроорганизмдер топтолот. Тескерисинче, шамал сасык тумоого алып келет. "Алтын ортолукту" таабуу керек, ошондо сиздин абалыңыз байкалаарлык жакшырат.

Анан албетте, өсүмдүктөр ыңгайлуу атмосфераны жаратат, абанын нымдуулугун турукташтырып, кычкылтекке толтурат.
Долбоорду даярдагандар:
Асанбек Каракозуев
Каныбек Жалалидин уулу
Кубанычбек Жусанов
Нуржигит Чолпонбай уулу
Мырзайым Жаныбек кызы
Данияр Садиев
Бул материал Европа Биримдигинин колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну үчүн Ынтымак Media Group жооптуу жана ал Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz