Жыргалбек Саматов: көк бөрүнү дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга аракет кылабыз

“Ынтымактын” журналисти Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов менен маек курду. Анда кече Ош шаарында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган, көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана көк бөрү федерациянын алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштү.

Республикалык  чемпионат кандай башталды? Командалардын даярдыгы кандай экен?

Төлөйкөн ат майданында көк бөрү боюнча кыргызстан биринчилиги старт алды. Чемпионатка жалпы 7 облустан бирден жана Бишкек менен Ош шаарларынан  2 команда чыгып баш байге үчүн күч сынашууда. Алар 3 төн үч топко бөлүнүп, оюн өткөрүп жатышат. Жыйынтыгында байгелүү орунга жеткен 4 командагы баалу сыйлыктар жана жеңүүчү болгон команданын оюнчуларына спорт чебери деген наам берилет.

Анан Төлөйкөн ат майданында көп жылдан бери оюндар өтпөй калган эле? Шартты талапка жооп береби?

-Бул жер оюндар өткөнгө чейин оңдоп түзөөдөн өткөн. Ошондуктан шарты жакшы эмес деп айтууга болбойт. Жакшы эле.

Ош шаарында өткөн чемпианттан башка, көк бөрү федерациясынын дагы кандай пландары бар?

-Азыр бул оюндарды өткөрүп алсак, анан аймактарда да ички турнирлерди баштайлы деп турабыз. Бул чемпианаттын жыйынтыгы менен да курама командалар дагы түзүлөт. Анан Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жөрүп жатат. Буюрса 2019-жылы Өзбекстанда оюндары өткөрөбүз.

Көк бөрү боюнча мелдештерде муляж боюнча да маселе көтөрүлөт. Бара бара биротоло муляжга өтүп кетүү жокпу?

-Жок, муляжга 100 пайыз өтөбүз деп айтуу кыйын. Оюндардын баарында эле тирүү жандыкты союп, бата менен эле баштап өткөрүлүп келүүдө. Бирок муляж бул ЮНЕСКОго кирип жатканда альтернатива катары кошулган.

2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип “Көк бөрү” деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. Бирок алар кайрадан өзүнчө чыгып башташты. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

-Ооба, бул эл аралык федерацияга 7 мамлекет кирген. Эл аралык эрежелер да киргизилген. Ар бир өлкө илгертен ойноп келе жаткан эрежелерин алып анан ошондон да болуш керек. Бирок буга эл аралык турнирлердин  өтпөй калышы себеп болушу мүмкүн. Же бул федерациянын жакшы иштебей жатканынан. Кандайдыр себептерден улам эл аралык федерациянын иши токтоп оюндар өтпөй калды.

Анан бул чемпионатта  белгил улакчы Манас Ниязовдун катышпай калышы талку жаратты.

-Такталбаган маалымат боюнча алардын аттары жок болуп калган. Анын эми анын негизги себебин федерациянын аймактагы өкүлдөрүнөн сураш керек. Алар чечет да.

Белгилей кетсек, көр бөрү чемпионаты ушуну менен 5-жолу өткөрүлүп алгачкы ирет тогуз команда катышууда жана жеңүучүлөргө спорт чебери деген наамда ыйгарыла турган болду. 1-жолу 1999-жылы Бишкекте өтсө, 2-жолу 2004-жылы Талас  болгон. Андан кийин 2006 Кара-Колдо уюштурулуп, акырында 2008-жылы Жалал-Абатта өткөн бойдон, токтоп калган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген