Жыргал Оросбаев пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Жыргал Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өткөн дүйнө кубогунда 2-орунду алды. Бул турасында Кыргыз өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агентигинен кабарлашты. 

Ал  кечээ,12-февралда турнирдин акыркы күнү 107 кг салмакка чейинки балбандар арасында мелдешке чыкты. Анда мекендешибиз биринчи аракетинде 202 кг ташты көтөрсө, экинчи аракетинде 206 кг салмакты көтөргөн. Жыйынтыгында ал  бул көрсөткүчү  менен  экинчи орунга татыды. Ал эми 240 кг салмакты көтөргөн  манголиялык балбан 1-орунду алса, ирактык спортчу 203 кг көрсөткүч менен 3-орунда болду.

Эске салсак, бир аз мурун ушул турнирде кыргызстандык дагы бир спортчу Азизбек Замирбек уулу жаштар арасында катышып, коло медаль тагынган болчу.

Дүйнө кубогу Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында 8-февралда старт алып, кечээ 12-февралда жыйынтыкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген