Жылына 17 млн адам жүрөк оорусунан каза табат. Бүгүн эл аралык жүрөк күнү

1999-жылдан бери 29-сентябрь – Эл аралык бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү. Бул дата бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы тарабынан Юнеско, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын колдоосу менен белгиленген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө жылына 17 миллион адам жүрөк оорусунан каза табат. Дарыгерлер эгер адамдар саламаттыкты сактоонун эрежелерин так сактап, коркунуч жараткан факторлорду көзөмөлдөсө, өлүмдүн 80 % алдын алууга болоорун айтышат.

Орусияда бүгүн лор дарыгерлердин кесиптик майрамы. Оториноларингология илими XIX кылымдын аягында пайда болгон. Орусияда Сергей Боткин жана Григорий Захарин медицинанын бул тармагынынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал эми Москвада кулак, мурун жана тамак оорулары боюнча атайын клиника 1896-жылы ачылган.

Бүгүн Иранда өрт өчүрүүчүлөр кесиптик күнүн майрамдашат. Ал эми Аргентинада шариктүү калемди ойлоп тапкан Ласло Биронун туулган күнүнө карата ойлоп табуучулар күнүн майрамдашат.

Ал эми тарыхтагы маанилүү окуялардан болсо, 1650-жылы Генри Робинсон алгачкы нике агенттигин ачкан.

Даярдаган: Акчолпон Кубаныч кызы

Бүгүн дүйнөлүк нике агенттигинин күнү. Кыргызстанда алар кандай иштешет?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген