Жылына 0,5 тонна бал алган баткендик балчы ишкердик сыры менен бөлүштү

Жаздан күзгө чейин нектар чогултуу менен алектенген аарылар тукум таштап көбөйүп жаткан учур. Бул маалда аары багып, балчылык кылган баткендик Абдыкаар Чотбаев бир тоннага чейин бал өндүрөт.

Фермер аарыларды мындан 5 жыл мурда Кадамжайдан алып келген. Алгач балчылык аарылардын 3 үй- бүлөсү менен башталса, учурда алардын саны 50гө жеткен.

Мында 300 миңден ашуун аары болсо, кыш келгенде азыктары азайып, саны кескин кыскарат. Кыштоо учурунда балчы аарынын ар бир үй-бүлөсүнө 5 килограммдан кумшекер таштайт. Кыш чыгаары менен рамкаларды тазалап, ай сайын дарылоого өтөт. Антпесе бит, кене аарыларды жок кылат.

Эркек аарылар даяр бал менен азыктанышат, ал эми  жумушчу күч  ургаачылары болуп эсептелет. Андыктан, эркектери жок кылынып турат. Ошентип олтуруп фермер  жылына  жарым тоннадай бал алат. Аны Баткен базарларына алып чыгып, килограммын 400 сомдон сатат .

“Эркек тукумдарды кесип, азайтып туруш керек. Анткени алардын пайдасы жок, жумушчу күч ургаачылары болуп саналат. Май айынын акырында ургаачы аарылар эркектерин көптөп яшиктен кууп чыгарып салышат. Анан гана бал жыя башташат”,- дейт фермер.

Аарылар көп камкордукту талап кылбайт, болгону убагында дарылап туруу зарыл. Ошондой эле эне ячейкаларын которуп, рамкаларды тазалоо керек. Кылдат мамиле жасоо менен балчылыкты кирешелүү булакка айландарырууга толук мүмкүнчүлүк бар, – дейт Абдыкаар Чотбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген