Жылмайып коюңуз! Бүгүн- Эл аралык жылмаюу күнү

Бүткүл дүйнөлүк жылмаюу- жыл сайын, октябрь айынын биринчи жума күнү белгиленет. Дүйнөдөгү бул сонун майрамдын пайда болушуна сүрөтчү Харви Бэлл себепкер.

Харви Бэлл ХХ кылымдын ортосунда, Америкада жашаган. Анын иши башкалардан айырмаланган деле эмес: сынчылар анын сүрөттөрүнө, анын өзүнө көңүл бурушкан да эмес. Бирок бир жолу “State Mutual Life Assurance Company of America” ​​камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү ага жаркын жана эсте каларлык символ – компаниянын визиткасын ойлоп табуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Харви көп ойлонбостон, азыркы интернет колдонуучулар “смайлик” деп атаган сары күлгөн быйтыкчаны сунуш кылат. Бул 1963-жылы болот.

Компания Харви Бэллдин жумушун кабыл алып, бардык жумушчуларга таратат. Бара-бара бул быйтыкча популярдуулукка ээ болуп, кийимдерге, конверт, кутуктоо баракчаларында басылып чыга баштайт. Харви өз сөзүндө жылмаюу эл аралык экендигин, адамзаттын жана искусствонун тарыхында мынчалык кеңири жайылып, ушунчалык бакыт, кубаныч жана ырахат тартуулаган бир дагы чыгарма болгон эместигин айткан. Жөнөкөй эч нерсе жасалбагандыгын, бирок баарына түшүнүктүү болгонун белгилеген.

“Мен өлгөнгө даяр болгон көп нерселер бар, бирок өлтүрүүгө даяр турган эч нерсе жок”. (Махатма Ганди). БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2007-жылдын 15-июнундагы резолюциясы менен белгиленген Эл аралык зордук-зомбулуксуз күн, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жыл сайын 2-октябрда белгиленет.

Дата кокустан тандалган эмес: 1869-жылы 2-октябрда Индиянын көз карандысыздык кыймылынын лидери жана зордук-зомбулукка жол бербөө философиясынын жана стратегиясынын негиздөөчүсү Махатма Ганди жарык дүйнөгө келген. БУУнун токтомуна ылайык, Эл аралык күндүн максаты   зордук-зомбулукка жол бербөө болуп саналат.

Даярдаган: Акчолпон Кубаныч кызы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген