Жылкыбаев: санариптик технологияларды пайдалануубуз зарыл. Видео

Азыркы учурда санариптик технологияларды пайдаланышыбыз зарыл. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбев “Ынтымак”  телеканалынын “Трибуна” программасында конокто болгон учурда билдирди.

“Кырдаалга жараша санариптик технологияларды пайдалануубуз зарыл. Азыр бардык мобилдик тиркемелер жетиштүү. Буга чейин дагы аталган системага өтүү тууралуу бир нече жолу айтылып келген.  Учурда санариптик системаны пайдаланууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Жалпы коомчулукту үйдөн чыкпоого чакырам”, – деди Жылкыбаев.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

ДССУ маалыматтарына ылайык, 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.

Ошондой эле Орусияда – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 46, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Кыргызстандын аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал жарыяланган. Азык-түлүк саткан соода түйүндөрү, дарыканалар, банктар ишин токтотпойт.

Бүгүн Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген