Жылкы издеп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужума жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

9-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К. Мансуров аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужума жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайыны жок болгон.

Маркумдун жакындары жардам сурап, ӨКМге 2-декабрь күнү кайрылышкан.  Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнен жалпы 25 куткаруучу тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген