Жылкы издеп кетип дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан жараанды издөөгө 40 адам тартылды.

Окуя 29-ноябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун  Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылында болгон.  1966-жылы туулган К. М. үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кеткен бойдон, дайынсыз болууда.

Издөө иштеринен жыйынтык чыкпай жатат.  2-декабрь күнү издөөгө 25 куткаруучу тартылса, 3-декабрь күнү саат 04:00дө КР ӨКМнен 22 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 40 адам 4 унаа 9 ат менен издөө иштерин улантып жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген