Жылдыз Туратбекова: Даун синдрому оору эмес

Коомчулукта Даун синдрому тууралуу маалыматтар аз. Аны көпчүлүк оору сыяктуу кабылдашат. Бирок дарыгерлер анын оору эмес экенин айтып түшүндүрүп келишет. “Ынтымак” Media Group эл арасынан сурамжылоо жүргүзгөндө да көпчүлүгү оору экенин айтышты. Бирок аларга оору эмес экенин түшундүрүүчү атайын таркатма маалымат бюллетендерди таратты.

Даун синдрому бар ата-энелердин «Сантерра-Юг» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова да оору эместигин коомчулукка түшүндүрүү аракетинде жүрөт. Ал 17-мартта ушундай синдромду алып жүргөн балдардын колунан жаралган сүрөт көргөзмө уютурулуп жатканын билдирди.

Негизи – синдром англис дарыгери Джон Даун атынан коюлган. Джон 1866-жылы бул синдромду биринчи жолу аныктап, жазып чыккан. Тубаса синдром менен төрөлүү жана хромосомалардын санынын өзгөрүшү ортосундагы байланыш 1959-жылы гана, француз генетиги Жером Лежён аныктап чыккан.

Дүйнө жүзүндө ар 700-800 баланын бири Даун Синдрому менен төрөлөт. Бул ар түрдүү климаттык катышыка бирдей эсептелген. Даун Синдрому генетикалык ката болуп эсептелет, ал ата-энесинин билиминен же болбосо жашаган жеринен көз карады эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.