Он жылдан бери айыл макамын күткөн тургундар жол, бала бакча, таза сууга муктаж

Жалал-Абад шаарынын четки айылына он жылдан ашуун убакыттан бери статус бериле элек. Мындан улам аймактын коммуналдык маселелери чечилбей турат. Айылга турак куруп, көчүп келгендердин саны жыл сайын көбөйүп жатканына карабай, тургундардын таса суу жеткирүү, жол жана бала бакча куруу боюнча өтүнүчтөрү ишке ашпай келет.

Жалал-Абаддын Ч.Айтматов аймактык башкармалыгына караган Дача айылында 300 дөн ашуун үй-бүлөө жашайт. Айыл болуп түптөлгөнүнө он жылдан ашса да көчө талабына жооп бербейт. Конуш шаар карамагында. Бирок шаардыктар үчүн унаа каттаганы жол салынган эмес.

“Жолдун жамандыгынан улам бул жакка жаан-чачында жана кышкысын унаа чыга албайт. Абдан кыйынчылыкта жашайбыз , болбогон бир тар жолдор. Биздин мындан башка толтура көйгөйлөрүбүз жылдап чечилбей, көңүл сыртында калып келе жатабыз”, – деди Дача айылынын тургуну Абдыманап Абдыкадыров.

Жол айылдыктардын жалгыз эле көйгөйү эмес – таза суу, мектеп жана бала бакча маселеси да чечилбей турат. Айылда ичүүчү суу жумасына эки гана жолу чыгат.   Маселенин баары айыл деген статустун берилбегенинен улам чечилбей турат.

“Статус берилген эмес экенда. Бирок статус алабыз деп үй башчыбыз кайрылып эле келе жатат. Жыйынтык жок”, – дейт Дача айылынын тургуну Мирбек Сайпидинов.

“Бардык нерседен четте калган айылбыз. Шаарга карайт деген менен жогорудан бирөө келип кабар албайт. Биз деле Кыргызстандын жараныбызда”, –  деди айыл тургуну Мунара Мамытова.

Жегиликтүү бийлик кабарлагандай, статус берүү ал жер дачага ылайыкташкан аймак болгону үчун токтоп турат. Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому бар.

“Ал жер 1988-жылы берилген дача участка. Бирок ӨКМ өкмөттүк деңгээлде уруксат бермейинче ал жер чечилбейт Статусту биз канча жолу берели деп атабыз бирок берилбейт экен да”, – деди Ч. Айтматов аймактык башкармалыгынын башчысы Максат Жусупбеков.

Айылга статус берүү жагы качан чечилээри анык эмес. Бирок жол, бала-бакча жана мектеп көйгөйү алдыңкы күндөрдө чечилет деген убадалар бар. Жолду асфальттап четине сел арыктарын куруу боюнча план даяр. Ал үчүн 4 жарым млн сом керектелет. Тилекке каршы Жалал-Абад шаарынын 2017-жылдагы бюджети бекитилбей турган үчүн бул иштер токтоп турат.

Белигилей кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны 150дөн ашат. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга мыйзам негизинде айыл макамын берүү зарыл.

Эгер аларга айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлмөк эле.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz