Жыйырма кишинин ишин аткарган дыйканчылык шайман. Баткендик устанын табылгасына баа бериңиз

Баткендик Олжобай Аманов жерди айдап, эгиндин түбүн жумшартуучу шайман жасады. Күнүнө 3 литр бензин сарптаган жабдык 20 адамдын ишин аткарат. 

Уста бул шайманды турмуштук зарылчылыктан улам мотоциклдин дөңгөлөктөрүнөн кураштырган.

“Балдарым жаш болгондуктан, иштегенге адам жок ушул техниканы ойлоп таптым”,- дейт уста Олжобай Аманбаев.

Устанын бул шайманы өзүнүн жерин гана айдабай, кошумча киреше да алып келип жаткан кези. Ал күнүнө 3 литр бензин менен саатына 20 сотых жерди айдайт. Жумуштун эрте жана жеңил бүтүүсүн каалаган кошуналары кезектеп алып иштетишет.

“Бир ишти жасардан мурда оңой жолун тапканга аракет кылуу керек. Учурда күнөскана менен иштегендер көбөйүп жатат. Ошондуктан, күнөскананын ичине ылайыкталган минитрактор кураганы турам. Керектүү шаймандарды даярдап койгом”,- дейт Аманбаев.

Уста баткендиктер үчүн керектүү дагы бир шайман жасаган. Ал – өрүк данегин чагып, маңызын бөлүп берет.

Олжобай Аманбаев орто мектепти бүткөн соң, дыйканчылык кылып айылда калган. Жаштайынан техникага  жакын болуп, акырындап дыйкандын  түйшүгүн женилдеткен шаймандарды жасай баштаган.

Үч баланын атасын дээрлик бош басып жүргөнүн көрбөйсүн дешет айылдаштары. Үйдөгү кампасындагы жумушунан тышкары ал убакытынын көбүн чоң жол жээгиндеги атайын унааларды оңдоочу жайында өткөрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген