Журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл: Эки нерсеге катуу өкүнөм

Маркум Улан Эгизбаевдин артында калган туягы Белек 1 жаш 4 ай болду. Атасын тарткан өжөр, кармаганын кое бербеген, башка нерсеге алаксытса да көнө койбогон, өз ою бар кыргыздын бир жигити чоңоюп келе жатат. Мындай сөздөрдү иликтөөчү журналисттин жубайы Сапаргүл Абдинабиева “Азаттыкка” жолдошу тууралуу берген маэгинде көзүнө жаш алып олтуруп айтты.

Белек үчүн белимди айла жок бекем бууп, айла жок күчтүү болууга туура келди. Балам үчүн жашап, балам үчүн өмүр уланып жатат.

Улан экөөбүз достошуп жүргөн учурда менин ата- энем да, Уландын ата-энеси да жолдун алыстыгынан баш кошуубузга каршы болушкан. 2009-жылдан бери кесиптеш, дос катары мамиле куруп жүрүп, каршылыктарга карабай, 2017-жылы баш коштук.

“Силер мурда эле экөөбүзгө каршы болбогонуңарда, балким мен Улан менен узагыраак жашап, 2-3 балалуу болгонго жетишип калмакмын”,- деп ыйладым апама, Уландын көзү өткөндөн кийин.

Уланды таанып-билгенге үлгүрбөй калдым.

Уланды таанып-билүүнүн өзү мүмкүн эмес эле. Мен болгону мага тиешелүү болгон жолдоштук, журналисттик тарабынын бир азын эле таанып калдым. Тагдыр мага Уланды толук таанууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Улан каза болгондон кийин өткөн күндөргө кайрылып карап, жөн эле өтүп кеткен күндөр үчүн ыйлап өкүнгөн күндөрүм болду.

Уланда жанда жок мээрим, өзгөчө жылуулук бар болчу.

Мага эле эмес, ата-эне жана тууган-урук, досторуна болгон жылуу мамилеси  менен камкордугу адамдын ичин жылытаар эле. Анан дагы аябай эмгекчил адам болчу, жаны тынчу эмес. Төрт ай ичинде эски үйүн бузуп, жаңы үйдүн дубалын тургузуп койду. Ошол эле учурда чуу жараткан эмгектерин да даярдап жүрдү. Таңкы саат үчтө туруп, төрттө жумушка кетчү. Улан мыкты журналист катары журналисттерге гана эмес, мыкты эркек катары мырзаларга да үлгү болуп кетти деп айта алам.

Улан келечекте чоң саясатка бармак.

“Жасаган материалдарым чуу чыгарып, чындыктын бети улам ачылган сайын, душмандарым ошончолук көбөйүп жатат. Жумуштагылар этият болушумду эскертип, ата-энем жөн эле коюшумду суранып сарсанаа болгон учурда сен мага ишенишиң керек, сен мени менен жанымда болушуң керек. Керек болсо мени “подстава” кылып, камап, артыман жаман сөздөрдү ээрчитиши мүмкүн. Ошондой кездерде бир гана сен мага ишенип, колдоп турсаң, мага эч нерсе болбойт”,- деп көп айтчу. Саясатка барам, таза иштейм деген пландары чоң эле, алтургай “Колуңду тарт!” деген сөздү колдоном деп айтчу.

Улан каза болгондон кийин эки нерсеге катуу өкүндүм.

Алардын бири Белекти көрбөй калганы болсо, экинчиси өзүнүн кадырын, эмгегин түшүнгөнгө үлгүрбөй калды.

Аял болгондугум үчүн болуш керек, жүрөгүм бир нерсени сезгендей боло берчү.

Улан иликтеген иликтөөлөрдүн артында Уланга нааразы болуп калгандар көп болчу. Анын сөзүн уккусу келчү эмес кээ бирөөлөрдүн, ошолор Уландын душмандары болчу деп ойлойм. “Жөн эле койчу, ушул сөзүңдү айтпай эле койчу”,- деп турчумун. Андай учурда”Мен айтпасам ким айтат” деген жооп алчу элем.

Улан каза болоорун сезгендей өзүн алып жүрдү.

Каргашалуу ошол күндөн бир күн мурун уйкусу келбей, кино көрүп, аябай кеч уктаган. Эртеси күнү эрте туруп, “Мен сени сүйөм өмүр” деген ырды кайра- кайра укту. Азыр ойлосом кетээрин сезген экен.

Уулум атасынын кандай жерде чоңоюп, кандай жерде жашап, кандай жерде билим алганын, атасы кандай үй салганын көрүшүн, билишин каалайм.

Ата-энебизге ай сайын барып турам. Аларга ушунчалык кыйын экенин сезип турам, алардын небереси үчүн жашап атканын көрүп турам. Ошондуктан, уулумду ата журтуна тынбай каттатам жана чоң ата, чоң энесинен эч качан алыстатпайм.

Улан тууралуу китеп жазуу планым бар.

Жолдошума байланыштуу эмгектерди, анын өмүр баянын чогултуп жатам. Ал жөнүндө өзгөчө бир китеп жазуу максатым бар. Ал кишинин кыял-жоруктарын, сүйлөгөн сөздөрүн, баскан жолдорун, жасаган иштерин жазам деп жүрөм. Анын баарын убакыт көрсөтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген