Журналист Таир Турсуналиевди кесиптештери жана шакирттери эскерди

Ош шаарында Таир Турсуналиев атындагы медиа мектеп жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын ортосунда кичи футбол уюштурду. Аталган иш- чара Таир Турсуналиевдин туулган күнүнүн урматына уюштурулуп, шакирттери жана окуучулары анын ишмердигин, мыкты инсан болгондугун айтып эскеришти.

Ош шаарында медиа өкүлдөрү оператор, мыкты журналист Таир Турсуналиевди эскеришти. Ал көзү тирүүсүндө калаадагы телеканалдардын ыкчам өнүгүшүнө салып кошуп, оператор-монтажёрлордун жаңы муунун тарбиялап, өстүргөн.

Жооптуу кызматты аркалап, бир топ телеканалдардын өнүгүшүнө салып кошуп, өмүрүн оператор-монтажёрлук кызматка арнаган Таир Турсуналиев көзү тирүү болгондо 57 жашка толмок.

“Көптөгөн телеканалдарда, ММКларда Таир Турсуналиевдин окуучулары эмгектенип жатат. Таир Турсуналиев аябай адамгерчиликтүү инсан эле. Саламдашкандан кийин эч качан адамга артын салчу эмес, коштошуп кеткенге чейин колун бооруна алып турчу эле”- дейт “Ынтымак” КРТРКсынын башкы директору Толкун Эрмекбаев.

Теле тармагында бирге иштешкен журналисттердин айтымында, Таир Турсуналиевдин бүтпөй калган иштери да көп. Эми аларды шакирттери, кесиптештери ишке ашыруу аракетин көрүп жатат.

“Анын жасаган иштерин айтып бүтүүгө мүмкүн эмес. Арман дүйнө, өзү жасап жаткан китеби жарыкка чыкпай калды. Бирок артында шакирттери бар, алар жарыкка чыгарат. Дагы кошумчалай кете турган нерсе анын экинчи өмүрүн кулк- мүнөзү, адамдык сапаты да улантып жатат. Ал өзгөчө жан эле да”,- дейт ЭлТРдин “Элфильм” котормо студьиясынын продюссери Олжобай Бубатаев.

Таир Турсуналиев теле тармагында эмгектенип, журналистиканын эл аралык стандарттарын үйрөтүп, аларды кырдаалга жараша окуяны калыс чагылдырууга үйрөткөн. Анын жетекчилигинде пландалган материалдар ушул тапта дагы заман талаптарына толук бойдон жооп берип келет.

Ош шаарында Таир Турсуналиев атындагы медиа мектеби ачылып, эки жылдан бери өз ишин аркалап келет. Шакирттеринин бири Данияр Садиевдин айтымында, Таир Турсуналиев өмүрүнүн акыркы убагында жеке медиа мектеп ачып, жаш журналисттерди тарбиялоону көп тилек кылган.

“Медиа мектепти ачууну Таир акенин осуяты, акыркы каалоосу катары кабыл алып, “Ынтымак” телеканалынын алдында ачканбыз. Мектеп учурда өз ийгиликтерине жетип, журналисттерди тарбиялап жатат”,-деди аталган медиа мектептин жетекчиси Данияр Садиев.

Таир Турсуналиев 1963-жылы 23-июнда туулган төрөлүп, 2014-жылдын 13-июнунда каза болгон. Туулган күнүнө карата Оштогу телеканалдар арасында кичи футболдук мелдеш уюштурулуп, ага Таир Турсуналиевдин жакындары, медиа өкүлдөрү катышышты.

Сюжет: Чынарбек Алипбеков, Нурсултан Абдыкерим уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген