Жолдордун сапатын көзөмөлдөөчү мобилдик лаборатория иштеп баштайт

Жолдордун сапатын көзөмөлдөп туруучу эки лабораторияны Транспорт жана жолдор министрлиги ушул жылы сатып алат. Жабдуу курулуш жүрүп жаткан жерден жолдун сапатын аныктап берип турат. Бул тууралуу министр Жамшитбек Калилов билдирди.

“Биз жакында өлкөдөгү бардык жолдорду паспортизациялоо иштерин баштайбыз. Азыркы учурда бир да жолдун паспорту жок, бул жол куруучу адистердин техникалык жана башка параметрлерин аныктоосуна кыйындыктарды жаратууда”,- деди министр.

Калиловдун айтымында, азыркы жолдорду реконструкциялоодо эң акыркы заманбап технологияларды колдонуу керек. Муну эске алуу менен быйыл адистер жол куруу ыкмаларын көрсөтүп берген эл аралык конференцияга катышат. Анда Кыргызстандагы курулушчулар чет мамлекеттен келгендерден тажрыйба алмашышат.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө дүйнөдө автожолдорду асфальт-бетондоп жабуунун 10дон ашык түрү бар. Кыргызстан да бул ыкмаларды колдонууну пландап жатат.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.