Жол кырсыгына кабылган милиционер каза болду

Чолпон-Ата шаарында автоунаа кырсыгына кабылган 36 жаштагы патрулдук милиция кызматкери алган жараатынан улам өзүнө келе албай көз жумду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалыматына таянган сайттар жарыялашууда.

Маалыматтарга караганда, анын буту сынып, баш мээси чайкалганын, боору да жабыркаган. Буларды Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен. Ал кырсык болгондон кийин дароо шаардык ооруканага жеткирилген болчу.

Окуя кечээ, 28-июнда саат 16:35 чамасында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жол боюнда турган патрулдук милициянын автомашинасын катуу ылдамдыкта келаткан “Субару” маркасындагы жеңил автоунаа сүзгөн. Анын 1991-жылы туулган Б.А. аттуу айдоочусу кармалып, түшүндүрмө берип жатканын милициядан кабарлашты.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.