Жол эрежесин бузган айдоочу автомектепке окууга жөнөтүлөт

Жол эрежесин үч жолу бузган айдоочу кайрадан автомектепке окуу үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазды.

“Кыргыз Республикасынын административдик жазага тартуу кодексине” толуктоо жана өзгөртүү  киргизүүнү Ички иштер министрлиги сунуштады. Анда үчүнчү жолу жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырып, окуудан өтүүгө милдеттүү экендиги айтылат.

Аталган мыйзам долбоордо окууга мүмкүн болбогон жана жасалма номерлер менен жүргөндөр, коопсуздук курун тагынбагандар, унаасын көзөмөлдөн өткөрбөгөндөр, оор салмактагы жүк менен жүргөндөр жана жогорку ылдамдык менен жүргөндөр жазага ылайыктуу деп табылат. Мындан тышкары жол чыракка жана МАИ кызматкерлерине баш ийбегендер да жазага тартылат.

Учурда коопсуздук курун тагынбаган айдоочуга 300 сом өлчөмүндөгү айып пул салынса, жакын арада бул сумма 500 сомго чейин жетээри күтүлүүдө. Ал эми жол чырактын белгисине карабай жүргөн айдоочу 1000 сомдон 2000 сомго чейинки айыпка жыгылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.