Жол четиндеги таштандылар менен жуунуп-тазалануучу жайлардын жоктугу туризмди артка тартууда

Көчө боюндагы таштандылар, эс алуу аймактарындагы ажатканалардын жана жуунуп-тазалануучу жайлардын жоктугу туристтердин келүүсүн артка тартып жатат. Эс алууга келгендердин коопсуздугу да жакшы жолго коюлган эмес. Мындай жагдайлар өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда белгилүү болду.

“Мурдатан эскертүү берилгенине карабастан, айрым пансионаттар ушул кезге чейин саркынды сууларды тазалоочу жайларын кура элек. Кээ бир эс алуу жайлары электр энергиясы боюнча былтыркы карыздарынан кутулбаптыр. Мындай учурлар келген туристтерди да иренжитүүдө”, – деп белгилешти жыйында.

Мындан сырткары айрым Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстан тууралуу түшүнүгү аз экени айтылды. Аларга дагы бир терс таасир этүүчү көрүнүш түз авиакаттамдардын жок экени болуп жатат. Мындан улам Маданият министрлиги Дели менен аптасына 7 жолку авиакаттамды ачуу аракети көрүлп жатканын белгилешти.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz