Жокчулуктун азабын тарткан ата- эне 11 жаштагы кызын 41 жаштагы бай кишиге турмушка берди

Малайзиялык ата- эне 11 жаштагы кызын 41 жаштагы кишиге турмушка берди. Өспүрүм кыздын жолдошунун колун өөп жаткан сүрөтү интернетке тарап, ал сүрөт коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.

Жаш кызды аялдыкка алып жаткан Абдула Каримдин 2 аялы жана 6-18 жаштардагы 6 баласы бар. Өспүрүм кыздын ата- энеси кызын эрте турмушка берип, болгону кызы 16 жашка чыккангачейин та- энесинин үйүндө жашашын суранган. Алардын мындай кадамына жокчулук жашоо себеп болгон.

Үйлөнгөн жубайлардын сүрөттөрү интернетке тарап, Абдула Каримдин дарегине ар түрдүү сындар айтыла баштагандан кийин, ал келинчегин ата- энесинин макулдугу менен алганын айтып чыкты.

“Мага карата айтылган жагымсыз сөздөрдү окуп аябай ачуум келди. Ооба, мен жаш кызды үчүнчү аял кылып алып жатам, бирок ал 16 жашка чыкканга чейин ал менен жашабайм. Азыр болгону нике күбөлүгүн алып койдук”,- деген Абдула Карим.

Мындан улам ЮНИСЕФтин Малайзиядагы өкүлү Марианна Кларк-Хаттинг 11 жаштагы кыз менен никеге туруу баланын укугун бузгандык экендигин, никеге туруу үчүн эң төмөнкү курак 18 жаш экендигин билдирген. Натыйжада, аталган нике жокко чыгарылып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген