Жогорку соттун судьялары дайындалды. Тизме

ЖКнын бүгүн, 18-июндагы  жыйынында депутаттар КРнын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты.

Жогорку сотунун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди КРнын Жогорку сотунун  судьялыгына шайлашты.

Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар  Жогорку Кеңеште ант беришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген