Жогорку кызматтарга жетекчилер сынак аркылуу тандала баштады

Өлкөдө жогорку кызматтарга жетекчилер сынактын негизинде тандала баштады.  Жаңы система 2016-жылы күчүнө кирген мыйзамдын негизинде ишке ашып жатат. Сынак документтерди кабыл алуу, компьютердик тестирлөө, практикалык тапшырмалар жана аңгемелешүү баскычтарынан турат.

Министрлердин орун басарларынан тартып, башкармалыктардын башчысы болуп дайындалууга өлкө боюнча 700дөн ашуун адам документтерин тапшырган. Алардын арасынан 600гө жакыны сынакка катышууга жолдомо алышты.

Азыр сынактын баштапкы баскычы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда жүрүүдө. Ага 3 облустан 200 талапкер катышууда. Комиссиянын мүчөсү Нурдин Алишеровдун билдиришинче, тестирлөөдө 60 суроо камтылган. Анын кеминде 40ына  туура жооп бергени гана кийинки этаптарга жолдомо алат.

Кадрларды тандоо май айында жыйынтыкталат. Ошондо жыл сайын жогорку кызматтарга адистер сынактын негизинде тандалмай болду. Бул мыйзамдын негизги максаты муниципалдык кызматка даяр кадрларды тартуу болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген