Жогорку Кеңештин комитети өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 5-июлда, «КРнын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жана 2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуунун негизинде фонд эл аралык уюм – эл аралык укук жөндөмүнө ээ жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу өкүлү болот. Фонддун уставдык капиталына өзбек тараптын салымы 50 миллион АКШ долларын түзөт, андан кийин уставдык капиталды 200 миллион АКШ долларына жеткирет.

Фонд Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду төмөнкү багыттар боюнча насыяларды берүү жолу менен каржылайт:

  • агроөнөр жай комплекси;
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы;
  • өндүрүш тармагы;
  • тоо-металлургиялык өнөр жай;
  • транспорт;
  • турак жай курулушу;
  • соода;
  • энергетикалык комплекс;
  • инфраструктураны өнүктүрүү;
  • туризм;
  • жана башка тармактар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.