Жогорку Кеңеште окуу мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Турусбек Бактыбеков окуу мөөнөтүн кыскартуу мыйзам долбоору боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө билим берүүнү сапаты, азыркы кырдаалдан улам ансыз деле жакшы эмес жана мындай чечим менен деңгээли дагы да төмөндөп кетиши мүмкүн.

“Окуучулар ансыз деле барбайт, окубайт анан окуу мөөнөтүн кыскартасаңар анан алар кантип билим алышат, кантип адисттикке ээ болушат”,- деди ал.

Буга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөсү Айсулуу Мамашова, өлкө боюнча бүгүнкү күндө кесиптик лицейлерде жалпысынан 14 миң окуучу билим алып жатканын жана негизинен аталган окуу жайларда социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнүн балдары окуп жатканын билдирди.

Айтымында, билим алуунун программасы жана мөөнөтү узак болгондуктан, көпчүлүгү окубай таштап коюушууда. Учурда Билим берүү министрлиги менен биргеликте жаңы программа иштелип чыгуу аракеттери көрүлүп жатат.

“Биринчиден эки жылдан кийин бүтүрүүчүлөр дипломго ээ болушат жана кесипке болуп, иштей алышат”,- деди Мамашова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.