Жогорку Кеңеште “Элдик” тобу түзүлдү

Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо окуругунан келген 13 депутат “Элдик” аталышындагы топ түздү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

“Эл добушун партияга эмес, бизге берген. Кайсы бир партияга кошулбай “Элдик” тобун түздүк. Азыр топко 13 депутат кирди, дагы кошулам дегендер кирсе болот”, – дейт ал.

Кечээ, 29-декабрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берген.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок, Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан. Мындан улам аталган эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.