Жогорку Кеңеште балдар катышкан сессия өтүп жатат

Бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку Кеңеште балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата балдар катышкан сессия өтүп жатат.

Парламенттик сессия БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына арналган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 25 бала, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө балдар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирге өздөрүнүн укуктары менен Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин талкуулоодо.

“Мындан 25 жыл мурун Кыргызстан Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулуу менен өзүнө балдардын укуктарын коргоо милдеттенмесин алган”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Балдардын коом турмушуна катышуусу алардын укуктарынын ишке ашып жатканын бир белгиси экендиги айтылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген