Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы парламент кандай болот?

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Анда үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.