Жогорку билимдүүлөрдү кайрадан тесттен өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы?

Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз тестирлөөдөн өткөрүү сунушталууда. Ага ылайык бүтүрүүчүнүнүн билим деңгээли текшерилип, сынактан өтүүгө милдеттендирилет. Демилгечилердин айтымында жаңы мыйзамдын долбоору өлкөдөгү билим уяларындагы талапты жогорулатып, татыктуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы болсо, анда жалпысынан 200 миңдей студент билим алат. Жыл сайын 40 миңге жакын бүтүрүүчү диплом алса, өкүнүчтүүсү алардын теңинен көбү жумушсуз. Буга депутаттар татыктуу билим бере албаган окуу жайларды күнөөлөшөт. Анткени окуу мөөнөтү аяктаганча бир дагы студент сабакка жетишпегендиги үчүн окуу жайдан чыгарылбайт. Бирок билим берүү министрлиги коюлган дооматтарды четке кагып, сунушталган долбоордун актуалдуулугу жок деп эсептейт.

“Азырынча бул долбоорду ишке киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Балким кайсы бир убакыттан кийин ишке ашырса болот”,-дейт Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Кудайберди Кожобеков.

Буга чейин мыйзам долбоорду парламенттин тармактык комитети карап, эл өкүлдөрү колдоого алышкан эмес. Долбоор тестирлөө жүргүзө турган жеке менчик агенттиктердин ишин жандантып, коррупцияга жол ачаарына себеп болот. Анткени алар сынактын суроолорун каалагандай түзүшүп, өз кызыкчылыктарын пайдаланышы мүмкүн дешет айрым депутаттар.

“Бул долбоорду ЖОЖдор каржылайт деп атышат. А ЖОЖдор акчаны кайдан алат? Албетте студенттерден алышат. Натыйжада окуу келишиминин баасы өсүп, ал ортодо коррупцияга да жол берилиши толук мүмкүн”,- деди ЖК депутаты Дастан Бекешов.

2021-жылы күчүнө кирээри күтүлүп жаткан мыйзам бүгүн парламентте каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер көпчүлук депутаттардын колдоосун алса, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү алган адистиктери боюнча кайрадан сынак тапшырууга аргасыз болушат.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.