ЖКнын төрагасы Канат Исаев кызматтан кетти, ордуна Талант Мамытов сунушталды

Бүгүн,  4-ноябарда парламенттин  жыйынында Жогорку Кеңештин төргасы Канатбек Исаев алдыдагы президенттин шайлоого катышарын билдирип, төрагалык кызматты өткөрүп берерин айтты. 
Ал 5-октябрдан кийинки өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу үчүн төрагалык кызматта иштеп бергенин айтты.
“Мамлекетте туруктуулукту орнотуу, мыйзамдуулукка кайтып келүү, Садыр Жапарду легитимдештирүү үчүн өкмөттүн курамын бекитип бердик. Президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн. 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткарууну Садыр Жапаровго өткөрүп бергем. Партиялаштарым президенттик шайлоого менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен да Жогорку Кеңештин төрагасы катары презиенттин милдетин аткара албайм”, -деди төрага Канатбек Исаев.

Бирок азыркы учурда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дагы президенттик шайлоого катышарын билдирген. Андыктан ал дагы мамлекет башчынын милдетин аткара албайт.

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо тууралуу маселени күн тартибине кийирүү тууралуу сунушту депутат  Өмүрбек Бакиров берди.

Учурда депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.