ЖККУнун башкы катчысы: Казакстанда уюмдун 2500 аскери болот

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2500 аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” агенттигине билдирди.

“Кырдаалга жараша иш кылабыз. Керек болсо, күчтөндүрөбүз”, – деди Зась.

Ал Казакстанга ЖККУнун күчтөрүн жөнөтүү процесси 7-январда жыйынтыкталарын кошумчалады.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү.

Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөнү маалым болду.
Азырынча уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери гана Казакстанга бара элек. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан бул маселени 6-январда карабай калган. Бүгүнкү жыйында депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук беришти. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду.


6-7-январь күндөрү Бишкекте Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акциялар өткөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.